Ошто мектеп директорлору куугунтукталып жатабы?

“Ош шаарында мектеп директорлору саясий негизде куугунтукталып, иштен бошотулуп жатат”. Мындай маалыматты бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңеште өтүп жаткан КСДП фракциясынын жыйынында Ош шаардык кеңешиндеги аталган фракциянын депутаты Шавкат Кенжебаев айтты. Ал билдиргендей, саясий кызыкчылыктан улам жакын арада 3 мектептин директору иштен алынган. Билим кызматкерлерине мындай кысым көрсөтүү туура эмес экенин айткан эл өкүлү, бул көйгөйгө олуттуу көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Жыйында бул боюнча Билим берүү жана илим министри жооп берсе туура болору айтылды.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан