Нарын шаарындагы №4-СИЗОнун башчысы Т.Абылгазиевдин өтүнүчү менен 9-апрелде Нарын шаардык соту “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди бошотуу тууралуу өкүм чыгарган. Буга байланыштуу “Ата Мекен” социалисттик партиясы судьянын жана ЖАМКнын башчыларынын бул иш-аракеттерин "мыйзамсыз" деп эсептейт. "Жагдайлар бул жерде кылмыштуу сүйлөшүүлөр бар экендигин көргөзүп турат",- деп билдирет партиянын басма сөз кызматынан. Алар:
1. 11-мартта ЖАМК Мамлекеттик каттоо кызматына Азиз Батукаевге паспорт берүү тууралуу сураныч жиберген. 9-апрелде (сот болуп жаткан күнү) Азиз Батукаев паспорт алып, Кыргызстандан чыгып кетти.
Мекемелер аралык комиссия анын коё берилиши жөнүндө маселени 28-мартта карап, сот 9-апрелде каралып жатса, эмне үчүн ЖАМК 11-мартта Азиз Батукаевдин атына паспорт алуу тууралуу сураныч жиберген? Демек, ЖАМК чиновниктери алдын ала сот кандай чечим чыгарарын билген.
2. Азиз Батукаевди алып кетүүчү учакты Нарын соту өкүм чыга электе эле, алдын ала чакыртышкан. Кимдир бирөө учактын келишине көп каражат короткон.
3. Азиз Батукаев падыша болгонсуп, аны ЖАМКнын чиновниктери Бишкек шаарына чейин узатып коштоп келишкен. Кимдин буйругу менен офицерлер Батукаев учакка кечигип калбаш үчүн “жашыл жол” ачып беришкен?
4. Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу тууралуу өкүм чыгарган, бирок 363-берене боюнча оорулуу адамдарды мөөнөтүнөн мурда бошотууда судья кылмыштын оордугун жана башка жагдайларга карашы керек эле.
Азиз Батукаевдин кылган кылмышы оор экендигинде шек жок. Ал түзөтүү мекемесинде массалык башаламандык уюштурганы үчүн, курал-жарактарды мыйзамсыз колдонгону жана алып жүргөнү үчүн, кызматкерлерди өлтүрүүнү уюштурганы үчүн 16 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле Азиз Батукаевдин өздүгү дагы аны эркиндикке чыгарууга жол бербейт. Ал – белгилүү криминалдык авторитет. Анын айынан 2005-жылдын ноябрь айында №31-түзөтүү колониясы көзөмөлдөн чыгып, ЖАМК кызматкерлери жана башка укук коргоо кызматкерлери бул мекемеге чабуул жасаганга туура келген.
Башка жагдайлар – бул Кыргызстандын президенти жарыялаган криминалдык дүйнө жана идеология менен күрөшүү. Эки үй-бүлөлүк-кландык башкаруу жылдары уюшкан кылмыштуулук тамыр жайып, мамлекетти башкаруудагы альтернативдик систем болуп калган. Эң белгилүү криминалдык авторитет жана “мыйзамдагы ууру” катары Азиз Батукаев бул кылмыштуу системдин символу болуп калган. Мамлекеттин криминал менен күрөшүп жаткандыгын эске алып, судья аны эркиндикке чыгарбашы керек эле. Батукаевди бошотуу шашылыш жана жашыруун болгонуна караганда уюштуруучулар коомчулук бул ишке каршы чыгарын жана тоскоол болорун билген.
Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгышын уюштуруу менен ЖАМКнын кызматкерлери прокуратуранын Нарын сотунун чыгарган чечимине макул болбой, кайра арыз таштоо мүмкүндүгүнөн ажыратты.
“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мамлекеттен чыгып кеткени – бул уюшкан кылмыштуулук жана криминалдык идеология менен күрөшөбүз деген мамлекетти жаакка чапкандай эле болду. Мындай абал бийликтин криминал менен күрөшүү аракетине адамдардын ишенимин жоготуп коюушу мүмкүн.
Жогоруда жазылгандарга байланыштуу “Ата Мекен” социалдык партиясы президентке жана башкы прокурорго Азиз Батукаевдин 8 жыл эрте абактан чыгып жана кээ бир органдардын көмөгү менен мамлекеттен кетип калышына укуктук баа берүүнү суранат.