Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан Москвадагы өрт кырсыгында каза болгон 14 кыз-келиндин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү үчүн 1 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 30-августта билдирди.
29-августта Чыныбай Турсунбеков каза болгон жарандардын туугандарына жана жакындарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү маселесин парламенттик фракция лидерлери менен талкуулаган.
Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны. Калган үчөө Орусиянын жарандары. Каза болгон 14 кыз-келиндин жансыз денелери учак менен Кыргыз жерине алынып келинди.