“Былтыркы жылдан бери Ош шаарынын 2000 жараны же шаардагы 3 кичи район газсыз отурат. Бул маселе боюнча биз мэрияга кайрылганбыз, бирок муну “Кыргызгаз” ишканасы чечет экен. Ал органга да кайрылганыбыз менен, эч кандай реакция боло элек". Бул маалыматты Ош шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын депутаты Шавкат Кенжебаев бүгүн, 12-апрелде ЖКдагы КСДП фракциясынын жыйынында айтты. Депутат билдиргендей, бул маселе Ош шаарындагы эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири болууда. Фракция жыйынында бул маселе боюнча тийиштүү чаралар көрүлө турганы айтылды.