Кытай элчилигинин жанындагы жарылуу катуу болгондуктан, 500 метр алыстыктагы дүкөндүн айнектери талкаланган. Дүкөндүн күзөт кызматкери Мурат Кадырбаевдин айтымында, жардыруу болжол менен саат 9:30 чамасында болгон.
“Ошол учурда дүкөндүн эшиги жабык болчу. Жарылуу катуу болду. Анын кесепетинен дүкөндүн айнектери талкаланды. Бактыга жараша, ошол маалда сыртта кардар жок болчу. Эгер адам болгондо, ал да жабыркап калмак”, - деди Мурат Кадырбаев.
Айта кетсек, бүгүн Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазаны Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта келип сүзүп, жарылган. Натыйжада жарылган унаанын айдоочусу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган.