Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын америкалык “National Geographic Traveler” басылмасы 16 миллион окурманына чагылдырат

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын америкалык “National Geographic Traveler” басылмасы чагылдырат. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Көчмөндөр оюндарынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган басылма өзүнүн журналисттер тобун жана операторлорун Ысык-Көлгө жиберет. Алар оюндардын ачылыш жана жабылыш аземин, спорттук жана маданий, массалык иш-чаралардын жүрүшүн, ошондой эле мамлекеттеги дагы башка ири иш-чараларды дүйнөгө көрсөтүүнү пландап жатат.

Белгилүү болгондой, “National Geographic Traveler” журналы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын аягына чейин социалдык тармактарындагы баракчалары аркылуу да коомчулукка жарыялайт. Бүгүнкү күндө аталган журналдын баракчаларына жазылгандардын саны 16 миллион колдонуучуну түзөт.

"Оюндардын жыйынтыгы боюнча басылма 9 миллионго жеткен англис тилдүү окурмандар үчүн көчмөндөрдүн маданияты жана салт-санаалары, Кыргыз Республикасынын кооз жана кызыктуу жерлери тууралуу кенен материалды даярдаганы турат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ali1995
2016-08-30 12:57:27
Жакшы кабар бут дуйно жузу корот буйрусп
+6
sabyr86
2016-08-30 13:32:07
Буйурса
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан