Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарында суу өтүүчү арыктардын 70 пайызы тазаланды

"Бишкек шаарындагы суу өтүүчү арыктардын 70 пайызы тазаланды, иретке келтирилген арыктардын жалпы узундугу 285 чакырымды түзөт". Мындай маалыматты бүгүн, 12-апрелде мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бишкектеги бардык суу арыктарынын жалпы узундугу 408,9 чакырымды түзөт. Ал эми сугат суу түтүктөрү 64,5 чакырым, магистралдык каналдар 42,5 чакырым жана коллектордук-дренаждык тармактар 42,5 чакырымды түзөт. Ошондой эле борбор калаадагы “Жеңиш” сейил багында көчөттөрдү сугаруу иштери башталганы белгилүү болду. Айта кетсек, борбор шаарда арыктарды тазалоо иштери 2013-жылдын 13-февралынан башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан