Грузиянын Марнеул районуна караштуу Садахло айылындагы үйлөнүү тоюнда 180ден ашуун адам ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Окуя кечээ кечинде болгон. Жалпы 180ден ашуун адам ууланды, анын ичинен 30у жаш балдар. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар тамак-аштан же суусундуктан ууланышы мүмкүн. Жабыркагандар аймактык ооруканаларга жеткирилишти, алардын баары ичтери ооруп, кусуп жаткандыктарын билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, айрым оор абалдагы жабырлануучулар Тбилисидеги ооруканага жаткырылышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.