Президент эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-августта эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, бир катар белгилүү инсандар Кыргыз мамлекетинин элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн сыйланышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

II даражадагы Манас ордени менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз улуттук консерваториясынын окутуучусу Кайыргүл Сартбаева сыйланат. III даражадагы Манас ордени менен сыйлангандардын арасында БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин солист-вокалисти Дарика Жалгасынова, К.Орозов атындагы эл аспаптар академиялык оркестринин дирижёру Сардарбек Жумалиев, Улуттук филармониянын солисти Саламат Садыкова бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан