Йемендеги жардыруудан 70 адам каза болуп, 100гө жакын адам жаракат алды

Йемендеги жардыруудан 70 адам каза болуп, 100гө жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 30-августта жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жардыруу бүгүн эртең менен Йемен өлкөсүнүн түштүк аймагындагы Аден шаарындагы аскердик базада орун алган. Каза болгондордун көпчүлүгү аскерге жаңы алынган адамдар болгон. Жарылуучу зат автоунаага орнотулганы айтылууда.

Жардырууну "Ислам мамлекети" деп аталган топтун мүчөсү уюштурганы айтылууда. Маалыматка караганда, учурда аталган өлкөнүн күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
JENTELMEN
2016-08-30 22:42:18
Мына диндин акыбети.Дуйнонун ар бир бурчунда жардырып жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан