Японияда катуу шамалдан улам жүздөн ашуун аба каттамдары токтотулуп, миңден ашуун турак үйлөр жарыксыз калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 30-августта жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгы адам өмүрүнө зыян алып келген эмес. Катуу шамал электр тармагына зыян келтирген. Кырсыктан улам өлкөдө белгилүү "Toyota" унаа чыгаруучу ишканасы токтоп калганы белгилүү болгон. Ал эми өлкөнүн түндүк чыгышында кубаттуу шамалдан 7 миңге жакын адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 50 метрге жеткен. Белгилүү болгондой, аба каттамдары жана жогорку ылдамдыктагы поезддер токтотулган.