Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 30-августта парламенттик фракциялардын лидерлери жана парламенттин тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолугушту.
Жолугушууда бир катар актуалдуу көйгөйлөр – Москва шаарындагы өрт кырсыгынан 14 мекендешибиздин каза болушу, 9 жарандын өмүрүн алып кеткен Бишкек-Ош жолундагы автокырсык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Үңкүр-Тоо маселеси менен Кыргыз Республикасынын 4 жаранынын кармалышы, Кытай элчилигиндеги жардыруу жана башка маселелер каралды.
Чыныбай Турсунбековдун айтымында, акыркы мезгилдеги окуялардын өңүтүндө Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан өлкөдө туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого зарыл шарттарды түзүү жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жагдайлары курч турат.
Талкуунун жүрүшүндө биринчи кезекте чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарыбыздын укуктарын коргоого багытталган мыйзам демилгелерин кароо зарылдыгы белгиленди. Бул тууралуу 31-августта Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.