11-апрелде Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкерлери 17 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен 32 жаштагы К.С. аттуу Бишкек шаарынын тургунун колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, окуя тууралуу жабырлануучунун атасы 41 жаштагы А.И. аттуу адам милицияга кайрылып, “азиат улутундагы 30-35 жаштагы белгисиз адам Ниссан Примера унаасына кызымды алдап отургузуп, зордуктоого аракет кылган”,- деп билдирген. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.