Анорексиянын азабын тартып жатканын баарына жайган алгачкы голливуддук актриса, ырчы жана алып баруучу. Айтылган сөздөргө көңүл бурсак, Николь Ричиге 65 килограммдан 38 килограммга арыктоого анын жакын курбусу Пэрис Хилтон түрткү берген. Ал кезде Хилтон өзү да арыктап жаткан. Ричиге бул оюнан кайтып, ооруну жеңүүгө 2 жылдан ашык убак кеткен. Келбетин оңдоого кош бойлуулугу жардам берген. Эки кыз төрөгөн соң Николь салмак кошуп, кайрадан калыбына келген.
АНЖЕЛИНА ЖОЛИ
Жолинин арыктоосуна кайгылуу окуя - апасынын өлүмү себеп болгон. Актриса депрессияга кабылып, баш-оту менен жумушка киришип, тамактан баш тарткан. Брэд Питт айласы кетип, "ал бир нече жолу ачкачылыктын айынан эсин жоготкон, бирок мен аны кыйнап да тамак жедире албайм, ал уккусу да келбейт" деген. Катуу стресстен арылган соң деле актриса салмак кошпой, диета кармап келет. Анын бою 169 сантиметр болсо, 40 килограмм салмакка ээ.
ВИКТОРИЯ БЕКХЭМАтактуу футболчунун жубайын денесине туура эмес мамиле кылгандыгы үчүн көп айыпташат. Викториянын айтымында, ал ар дайым өзүнүн келбетине канааттанбайт. Кезектеги баласын жарыкка алып келген соң салмак кошуунун ордуна, тескерисинче, "көзгө көрүнбөй" бара жатат. Жылдызды учакта тейлеген стюардессанын айтымында, Бекхэм карандай сууга эле лимон салдырып алып ичип отурган. Бекхэмдин мурунку сүрөттөрүн гана көрүп рахат алуудан башка арга калбагансыйт.
МЭРИ-КЕЙТ ОЛСЕН
2008-жылдан тарта арыктап баштаган Мэри-Кейт Олсенге кичине кезинде эле коомчулук менен маалымат каражаттарынын назары көп түшчү. Мындай назарга жооп катары ал адаттан сырт арыктай баштаган. Өзүнүн салмагын калыбына келтирүү үчүн актриса ооруканага жаткан. Күйөөсү Оливье Саркози да ага жакшы жардам берген. Адатта сүйүүгө кабылган адамдын тамакка болгон табити жоголуп, көпчүлүк учурда баш тартат эмеспи. Ал эми Мэри-Кейттин, тескерисинче, жолдошуна болгон сүйүүдөн улам тамакка болгон табити күчөгөн.
КЛАУДИЯ ШИФФЕР"Мода дүйнөсү арыктыкты даңазалайт, бирок бул моделдерди көрүп, аларга бир нерсе болгон окшойт" деген ой кетет. Моделдер ар дайым арык болуп келишкен, бирок бүгүнкү күнү алар адаттан сырт арык. Ушунчалык арык болгонунан алар көзгө көрүнбөй калышчудай", - деген Шиффер 2006-жылы өзүнүн маегинде. Маектен 3 жыл өткөн соң ушул эле сөзүн анын арыктап кеткен сүрөтүнө колдонгондор болгон.
КИРА НАЙТЛИ
Кош бойлуу боло электе эле журналисттер Киранын диеталарга болгон кызыгуусун жазышкан. Анда Кира Найтли "диета сактабайм, таттуу менен гамбургерлерди жакшы көрөм" деп бул маалыматтарды четке каккан. Бирок ЖМКлар анын ар дайым диетада жүргөнүн ачыктоо аракеттерин көрө беришкен. Бул аракеттерге анын апасы чекит койгон: сымбаттуулугу - тукумунан, арыктыгы - атасынын өзгөчөлүгү.
МИЛА КУНИС"Кара ак куу" тасмасынын тартуу иштеринде Мила Кунис өзүнүн каарманы тууралуу "жалпак" деген сөздү колдонгон. Анын бою 163 сантиметр болсо, бул тасмага тартылуу үчүн 44 килограмм салмакка чейин арыктаган. Ал үчүн Кунис майлуу тамактан, жөнөкөй углеводдордон баш тартып, күн сайын бир нече саат балет менен алектенген. Ал эми тартуу иштери аяктаган соң Мила тез арада кайрадан өзүнүн келбетин 12 килограмм салмак кошуп оңдогон.
"Беверли-Хиллз 90210" жаштар сериалынын жылдызы анын арыктыгы менен дал келбеген төшүнүн көлөмү тууралуу көптөгөн талкууларга кабылган. Бул чек эмес экени ал эки жолу төрөгөндөн кийин белгилүү болду. Төрөттөн кийин актриса тамак жебей арыктаган. Эксперименттин жыйынтыгы көптөрдү капага салды. Биз мурунку Доннаны көрөбүзбү?" - деген суроосу менен жыйынтыктаган басылма өз макаласын.