Италия. Жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 293 адамга жетти

23-августтан 24-августка караган түнү Италиянын борбордук бөлүгүндө катталган жер титирөөдө каза тапкандардын саны 293 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Учурда куткаруучулар кыйроолордун алдында калган жарандарды издөө иштерин улантышууда. Күчү 6,3 баллга жеткен жер силкинүүдөн Лацио Марке жана Умбрия аймагындагы көптөгөн имараттар зыянга учурап, айрымдары жараксыз абалга келди. Эң эле катуу зыян тарткан аймак Аматриче шаарчасы болду, ал жакта каза тапкандардын саны 230 адамды түздү. Жабыркагандардын так саны айтыла элек, себеби дайынсыз жоголгондор да бар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akzuura
2016-08-31 16:40:42
Кудай сактай көөр,дүйнө тынч болсунчу,кайгылуу окуялар эле каптапбарататго!
+1
Jigit.1982
2016-08-31 20:40:51
Тобо кылала, Аллахтан боодо кырсыктардан сактоосун сураналы. Дагы Италияда матиз журобуз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан