Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 5 миң жаран дзюдо менен машыгат, алардын ичинде олимпиадалык жана эл аралык мелдештерге катышып жүргөн спортчулар да бар. Мындай билдирүүнү бүгүн, 12-апрелде КРнын Дзюдо федерациясынын башкы катчысы Эмил Рыскулов журналисттер менен болгон маалымат жыйында айтты. Эске салсак, аталган федерация 1992-жылы түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин анын жетекчиси 9 ирет алмашкан. “Союз мезгилинде кыргыз дзюдосунун деңгээли жогору эле. Каржы жагынан да жакшы колдоо болчу. Бүгүнкү күндө каржы маселеси биз үчүн абдан маанилүү болуп турат”,- деди Рыскулов.