Бүгүн, 31-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Мурунку күнү – өрттө калган кыздар, кечээ – капыстан пайда болгон жан кечтинин жардыруусу, бүгүн – ... Бүгүн Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк алганына 25 жыл болду. Бул күнү чейрек кылымда эмнеге жетиштик, кийинки чейрек кылымда кайда барабыз деген кеп болушу керек эле. Бирок бүгүн кыргыз “теке жана койлор” тууралуу икаяны талкуулады. Эгемендүүлүк күнүндө элди куттуктоо үчүн трибунага чыккан Алмазбек Атамбаев бүгүн да өзүнүн репертуарында болду. Ажонун куттуктоо сөзүнүн 90 пайызы өзүн бийликке алып келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жамандоого арналды. Алмазбек Атамбаев дагы Убактылуу өкмөттө мүчө болгону, 2010-жылы иштелип чыккан жаңы Конституцияга, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн бардык чечимдерине мүчө катары ал дагы кол койгону элдин эсинде. Ошол мезгилде эмнеге Атамбаев "Конституцияда миналар бар" деп каршы чыкпаганы табышмак. “Роза Исаковна, 2010-жылы Конституцияны кабыл алганда сиздин жаагыңызды парламент жапканы баарыбыздын эсибизде. Өлкөбүздө кандай баш аламандык эле. Убактылуу өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүн узартып алат деп коркуп жатат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат", - деп Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрайымы болгон Роза Отунбаеваны сындады. Апрель революциясын, Июнь каргашасын башынан кечирген маалда Кыргыз мамлекетин башкарып, укуктук талаага алып келип, эл аралык аброюн калыбына келтирип, анан бийликти мыйзамдуу тапшырып кеткен Роза Отунбаева эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата куттуктоого дегеле коошпогон бул сөздөрдү мындан ары уккусу келбей, өлкө башчысынын жанында тургусу келбей аянттан басып кетти.
Алмазбек Атамбаевдин расмий иш-чарада расмий бийлик өкүлү айтпай турган сөздөрү муну менен токтободу. Анын кечээки пикирлештерин айыптоосу “кыргыз эли текелерди ээрчий турган кой эмес” деген сөз менен жыйынтыкталды. Ажо бул “жалындуу” сөздөрдү бүткүл кыргыз дүркүрөгөн кол чабуу менен тосуп алат деп күткөндүр. Андай болбоду... Эл бүгүн майрам экендигин, Кыргыз мамлекети өзүн эгемендүү атаганына 25 жыл толгонун деле унутуп, президенттин сөзүн талкуулоо менен убара. “Бүгүн ички саясий кармашты айтып бугун чыгара турган күн беле?!”, “Мындай сөздөрү менен президент элдин бийликке болгон ишенимине суу септи...”, “Эл жылуу сөздү, колдоону күткөн...” Мына ушундай талкуулар учурда интернет баракчаларда айтылып-жазылууда. Өмүрбек Текебаев: “Бул күнү мамлекет башчысы, накта улуттук лидер 25 жылда тарыхыбызда кандай ийгиликтер, кандай кемчиликтер болгонун талдап айтып, андан сабак чыгарып, алдыда келе турган 25 жылдыкка жол көрсөтүп, элге тапшырма коюп, элди бириктирип, мобилизациялаш керек. Тилекке каршы, биздин мамлекет башчыбыз ал мүмкүнчүлүктү пайдаланган жок. Тескерисинче, элди бириктирип, шыктандыргандын ордуна бөлүп-жарганга, тарыхыбызды сыйлап, андан сабак алгандан көрө кечээки тарыхты өзүнүн жеке кызыкчылыгына бурмалаганга аракет кылып, эл алдында өзүнүн гана эмес, өлкөнүн да абийирин төктү”, - деди. 2010-жылы апрель айында Бакиевдердин бийлиги элдик кыймылдын аракети менен куулушунда негизги кыймылдаткыч болгон Болот Шер да ажонун бүгүнкү кайрылуусун кескин сындап чыкты. Бүт дүйнөгө түз эфирде көрсөтүлүп жаткан иш-чарада мамлекет башчы катары көчөдөгүдөй сүйлөгөн ага жарашпайт. Муну менен президент өлкөдөгү саясий кырдаалды андан бетер курчутту десе болот...
Өлкөдө бийлик менен бийликти узурпациялоого каршылардын ортосунда маалыматтык согуш күндөн-күнгө күчөп баратат. Согушта бардык каражаттар пайдалуу демекчи, эки тарап өздөрүнүн “армияларын” толуктоого аракет кылууда. Кечээ, 30-августта президент Алмазбек Атамбаев эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, бир катар белгилүү инсандар Кыргыз мамлекетинин элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн сыйланышты. Алардын арасында Светлана Назаренко, Эльдияр Кененсаров, Атай Өмүрзаков, Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Гүлнара Тойгонбаева, Бактияр Токторов, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев өңдүү бир топ өнөр адамдары бар. Эл булардын кубанычына ортоктош болуп, кошо кубанууда. “Абдылда, Рахман өңдүү куудулдарды эмнеге сыйлабайсыңар?” деп күйгөндөрү да жоон топ. Албетте, өнөр адамдарынын арасынан татыктууларга чыныгы наамды эл берет. Элдин колдоосу, сүйүүсү, чыгармаларынын ооздон-оозго өтүп жайылуусу. Өнөр адамдары үчүн чыныгы баа мына ушунда. Ал эми президенттин сыйлоосунун артында саясий максат жатпайт деш кыйын...
Август айында кыргыз эли үчүн болгон терс окуялардын арасында бир кубантарлык жеңиш болду. Кечээ футболчуларыбыз Казакстан курама командасын 2:0 эсеби менен утту. Айрым күйөрмандардын “коңшу өлкө бизди тоготпойт, жылдыз футболчуларын ойнотпой, оюнга экинчи курамын чыгарат” деген пикирлери жөн эле сөз болуп калды. Казакстан мыкты оюнчуларын футбол талаасына чыгарды. Ага карабай дарбазабызга бир да топту киргизе алышкан жок. Буга чейин командалар 7 жолу беттешип, оюндарда 5 ирет казак футболчулары жеңишке жетишсе, 2 беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Кечээки жеңишибиз кыргыз-казак футбол дербисинде алгачкы болуп эсептелинет. Казакстан курама командасы 2002-жылдан бери УЕФА ассоциациясына киргендиктен, 14 жыл бою мыкты европалык курамалар менен беттешип, тажрыйба топтоп келет. Бул өлкөдө футболго биздикине салыштырмалуу жакшыраак көңүл бөлүнөт, жаш футболчуларды өстүрүүгө көбүрөөк каражат жумшалат. Мындай команданы жеңүү кыргыз футболунда кубанарлык жылыш башталганынан кабар берет.