Кыргызстанда 1,5 жыл ичинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан коррупциялык иштер боюнча 266 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде “Ар намыс” фракциясынын жыйынында аталган кызматтын төрагасы Бектен Сыдыгалиев билдирди. Маалыматка ылайык, 2012-жылы жана ушул жылдын 4 айында 361 кылмыш иши козголуп, анын 266сы коррупциялык кылмыштуулукка байланыштуу болгон. Алардын 77си паракорлук, 71и кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, 45и иш кагаздарын жасалма түрдө даярдоо, 25и алдамчылык жана 26сы бюджеттик каражаттарды менчиктештирүү жана уурдоо фактыларына байланыштуу болгон.