“Жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен эне изделүүдө”. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Окуя тууралуу Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Будёновка айылынын 1953-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну милицияга кайрылган. Ал өз сөзүндө бейтааныш келин жаңы төрөлгөн баласын кармап туруусун өтүнүп таштап кетип, ошол бойдон кайрылып келбегенин айткан. “Март айынын ортосунда 30-35 жаштардагы бейтааныш келин үйүмө келип, баланы колума кармап туруумду суранган. 5 мүнөттөн кийин алып кетем деген”,- дейт арыз ээси.