ЭЛДИК КАБАР: "Баткен районуна караштуу Апкан айылында 38 миллион сомго курулган жаңы мектеп ачылды" дейт окурман

Баткен районуна караштуу Апкан айылында жаңы мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман бүгүн, 1-сентябрда билдирди.

"Аскар Жоробаев атындагы орто мектептин ачылышы бүгүн, 1-сентябрда болду. Бул 150 орундуу мектеп 38 миллион сомго айылдагы 170 окуучу үчүн курулду. Анын ачылышына Баткен районунун администрациясынын кызматкерлери жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы келди", - деп айтты окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Мэри
2016-09-01 14:49:59
Сонун! Балдардын пилотка кийип, жагоо тагынып алгандары андан жакшы экен.
+1
Rifle_S
2016-09-01 15:06:27
Мектептен аянсаң , түрмө курасың деген. Баардык мектептерди заманбап кылып куруп берсе кана эми.
+2
zhumagul89
2016-09-01 19:07:53
Бакиев болгондо спорт залы менен кошо курат эле, мектепти жарым жарты кылбай.
+1
Stervashka
2016-09-01 22:57:50
Бакиевсиз эле спорт залы менен кошо дагы жаны мектептер курулуп жатат го.Жаны мектептер кобойо берсин,билими кучтуу кадрлар иштесе жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан