11-апрелде президент Алмазбек Атамбаев "КРнын ички иштер органдары жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 7-мартында кабыл алган. Ал ички иштер органдарынын иштерин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган. Буга байланыштуу милиция кызматкерлери тынчтык митингдерине катышпоодон сырткары, митингдин катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө мыйзамдарда каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого милдеттендирилет.