11-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 7-мартында кабыл алган. Ал оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн кошумча жазалардын түрлөрүн кеңейтүүгө багытталган. Аталган максатты жүзөгө ашыруу үчүн атайын класстык чининен, дипломатиялык даражасынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу кошумча жазалардын түрлөрүнүн тизмесине кошулат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.