Бишкекте алдамчылыкка шектелген 28 жаштагы жаран кармалды

Борбор калаада алдамчылыкка шектелген 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек ШИИББинин маалыматында: “Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 33 жаштагы К.О. аттуу шаар тургуну кайрылып, унаасын сатып берем деп акча алып качып кеткен 28 жаштагы жаранга чара көрүүнү суранган. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Кант шаарынын 28 жаштагы Б.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал ушул эле сыяктуу төрт фактыга шектелип жатат. Эгерде ал жарандан жабыр тарткандар болсо, 0554 102 149, 0552 102 542 номурларына чалып кайрылышса болот”, - деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан