Оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу Бишкекте өтөт

Бүгүн, 12-апрелде Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Байгазы Кенжебаев менен оор атлетиканын Азиядагы федерациясынын башкы катчысы Али Моради жолугушту. Айта кетсек, жолугушууда июль айында Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда оор атлетика боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү тууралуу талкуу болду. Өз кезегинде Моради аталган спорт жайын канааттандырарлык деп белгилесе, Кенжебаев чемпиондук жогорку деңгээлде өтө турганын билдирип, башкы катчыга  “Олимпиаданын санжыралуу жолунда” аттуу китепти белек кылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан