Бишкекте 5 унааны уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте 5 унааны уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине Вася аттуу жаран унааларды уурдоо менен алектенип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган М.В. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган. Кылмышка шектүү Мазда үлгүсүндөгү 5 унааны уурдаганы аныкталган, учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sharos3
2016-09-02 12:23:46
ХХХ салса
0
admin_portal
2016-09-02 12:44:22
Sharos3, провокациялык билдирүүлөргө тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан