Азиз Батукаевдин абактан бошоп, Кыргызстандын аймагынан шашылыш чыгып кетүүсү боюнча депутаттык комиссия 3 аптадан соң маалымат берет

Оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 9-апрелде Нарын шаардык сотунун чечими менен абактан бошотулуп, ошол эле күнү түндө чартердик каттам менен Кыргызстандан Чеченстанга, Грозный шаарына, учуп кеткени маалым болду. Ал буга чейин Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп келген. Эске салсак, Азиз Батукаев отурган абактагы абал менен таанышуу үчүн барган Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Акматбаев жана ошол кездеги Жаза аткаруу кызматынын башчысы жырткычтык менен өлтүрүлгөн эле. Батукаев ошол башаламандыкты, киши өлтүрүүнү уюштурду деп айыпталып, 16 жылга соттолгон болчу. Анын абактан бошоп, шашылыш Кыргызстандан чыгарылып кеткендиги коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. "Ата Мекен" партиясы Азиз Батукаевдин мамлекеттен чыгып кеткени – бул уюшкан кылмыштуулук жана криминалдык идеология менен күрөшөбүз деген мамлекетти жаакка чапкандай эле болду" деп билдирүү таратты. Тийиштүү органдар мындай чечим Батукаевдин ден соолугунун начарлаганынан улам кабыл алынганын айтып чечим туура эле болгон деп коомчулукту ишендирүүгө аракет кылышууда. Маалыматка ылайык, Батукаев ак кан илдетине чалдыгып, аз күндүк өмүрү калган. Бул окуяга Жогорку Кеңеш да бир күнүн арнады. Батукаевдин абактан бошотулушу жана өлкөдөн тез арада чыгып кетишине жооптуу бардык мекеме жетекчилери чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Сот органдары, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик каттоо жана Чек ара кызматтары жана башка мекемелер анын өлкөдөн чыгарбоого эч кандай негиз болбогонун айтышты. Ал эми көпчүлүк депутаттар анын өлкөдөн чыгып кетүүсүн кечирилгис иш катары баалашты. Жыйынтыгында 8 эл өкүлүнөн турган депутаттык комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайын иликтемей болушту. Депутаттык комиссия 3 аптадан соң Жогорку Кеңеште маалымат берет. Батукаевге байланыштуу айрым адамдардын пикирин сурап көрдүк.

Батукаевдин абактан бошоп, Кыргызстандын аймагынан шашылыш чыгып кетүүсүн кандай кабыл алдыңыз?

Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты:

- Биринчиден, Азиз Батукаевди бошотууда алдын ала сүйлөшүүлөр болуп, тийиштүү адамдарга көп суммадагы акча берилген. Менимче, ушундай, себеби окуя башынан аягына чейин ырааты менен уланып жатпайбы. Мисалы, сот чечимди дароо чыгарып бергени, ЖАМКнын кызматкерлери аны Нарындан Бишкекке коштоп келгени, сыртка алып кете турган учагынын даяр болуп калышы... Мунун баарында акча роль ойногон. Ал эми өлкөдөн шашылыш чыгып кетүүсүн айта албайм. Батукаевдин окуясына кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Камчы Көлбаевдин тиешеси бар деген бир божомол айтылып жатат.

Артур Медетбеков, УКМКнын мурдагы кызматкери:

- "Мыйзамдагы уурунун" мөөнөтүнөн мурда бошотулушу жана Кыргызстандан шашылыш чыгып кетүүсү өзүнө чоң сырды камтып турат. Буга укук коргоо кызматкерлеринин жана сот системинин коррупцияга батып калганы себеп болду. Эмне үчүн түрмөдө отуруп ооруп, аз жашоосу калган башкалар чыкпайт да, ушул Батукаев чыгып кетиши керек? Буга чейин деле ЖАМК тарабынан коё берилгендер көп болгон. Түрмөдөн качып кеткендердин санын тактаса көп мыйзам бузуулар чыгат. Акмат Бакиев деле качып кетип, канча ызы-чуу чыкты эле, ал иш деле акырын токтоп калды. Батукаевдин шашылыш чыгып кетиши, биринчиден айрым депутаттардын жана коомдун нааразычылыгын жаратып, аны кайра камап салуу коркунучу жогору болгондугуна байланыштуу болду. Ошондой эле бул нерсе криминалдык топторго кайрадан таасир берет. Анын алдыга койгон кандайдыр бир планы болушу мүмкүн. Бир гана айтарым, бийлик канчалык уюушкан кылмыштуулук менен күрөшкөн сайын, алар кайра айбат көрсөтүп, өзүнүн бийликтен кыйын экендигин көрсөтүп койду.

Токон Мамытов, Чек ара кызматынын төрагасы:

- Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна, өлкөдөн чыгып кетишине Нарын шаардык соту, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жооп бериши керек. Чек ара кызматы Батукаевди чек арадан өткөргөнү гана болбосо, башка мыйзам бузууларга барган жок. Биз Нарын шаардык сотунун чечими, Саламаттыкты сактоо министрлигинин аныктамасы менен, ошондой эле УКМК, ИИМ менен макулдашып гана чек арадан өткөрдүк. Ал эми өлкөдөн шашылыш чыгып кетүүсү балким, чын эле ден-соолугунун начарлашына байланыштуу болушу мүмкүн.

Анарбек Калматов, ЖКнын депутаты:

- Бул окуя көптөгөн ойлорду жаратууда. Эң кызыгы - сот болору менен чечимдин да ошол замат чыгып Батукаевдин колуна тийип калганы. Ошондой эле чартердик каттамдын Бишкекте пайда болушу да бүдөмүк ой туудурат. Жогорку Кеңештин жыйынында “Манас” аэропортунун башчысына суроо берсем, мурда чартердик каттамдар болбогонун айтты. Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чартердик каттам болуптур. Ошол себептен парламенттик комиссия түздүк, эмне себептен, кантип кеткенин ошол комиссия изилдеп чыгат.

Токтогул Какчекеев, серепчи:

- Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши - азыркы мыйзамдардын начардыгына байланыштуу. Депутаттар эртеңки күнү өздөрүнө залакасы тийбегидей кылып мыйзам чыгарып жатышат. Азыр өтө оор кылмышты кылып коюп, анан акчаны олчойто берип сыртка чыгып кетишүүдө. Мыйзамда "эки тарап келишип алды" же "мыйзам күчүн жоготту" деген түшүнүктөр да бар. Бул таптакыр туура эмес. Мына ушундай чар-жайыт көрүнүштүн айынан кылмышкер бошотулуп отурат. Азиз Батукаевди бошотуу үчүн Чеченстандын криминалдык дүйнөсүндөгү өкүлдөрү Курманбек Бакиевдин убагында эле 2 миллион доллар сунуштап бирок натыйжа чыкпай калган. Ал эми экинчи себеби эгерде Батукаев 1-2 күн кармалып калганда коомчулукта нааразычылык жаралып, аны кайра түрмөгө отургузуп коюшу толук мүмкүн эле. Ошондуктан шашылыш чыгып кетти деп ойлойм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан