Кырчын жайлоосунда эртең баштала турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жаанга карабай даярдык кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 2-сентябрда кабарлады.
"Кыргызымдын жигиттери жаанга карабай ат үстүндө жүрүшөт. Ал эми Түркмөнстандан келген цирк артисттери өз өнөрлөрүн көрсөтүп, аттарын бийлетип, эртеңки оюндарга даярданып жатышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.