Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн жер көчкү толук тазаланып, каттам жөнгө салынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Тазалоо иштерине Өзгөн райондук №959-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 17:20да толук бүткөрүлгөн. Учурда эки тараптан тең каттам жөнгө салынды.
Айта кетсек, бүгүн саат 15:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 640-650-чакырымында жер көчкү жүргөн. Анын кесепетинен унаа жолдун бир тарабы жабылып калган.