Токтогулда үй ээсин ок атуучу курал менен коркутуп, 400 миң сомдук зер буюмдарын алып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "68 жаштагы О.А. аттуу жарандын үйүн карактап кеткен" деген шек менен Талас облусунун 35 жаштагы Т.Н., 21 жаштагы К.Д. жана 19 жаштагы А.Т. аттуу тургундары кармалган. Кылмышка шектүүлөрдүн биринин үйүн тинтүү маалында 3 даана ок атуучу курал алынган. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Эске салсак, 21-августтан 22-августка караган түнү саат 03:00 чамасында Токтогул шаарындагы үйлөрдүн бирине белгисиз бет капчан 3 жаран ок атуучу курал жана темир таяктар менен кирип үй ээлерин коркутуп, колу-буттарын скотч менен байлап, тоноп кетишкен.