ЭЛДИК КАБАР: "Чыңгыз Айтматовдун эстелигине отуруп түшкөн кыз сүрөтүн өчүрбөй жатат" дейт окурман

"Бул кыздын социалдык тармакка Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелигине отуруп түшкөн сүрөтүн өчүртө албай койдук", - деп окурман WhatsApp аркылуу бүгүн, 3-сентябрда сүрөт жөнөттү.

"Сүрөттү жиберейин деген оюм жок болчу. Оозеки эскерттим, өчүрбөй, мени барагына киргис кылып бекитип койду. Аттын үстүнө чыгып алган жигит бул жакта калат. Чоң эле кыздын дүйнөгө таанымал, улуу инсаныбыздын эстелигине отуруп алганы туурабы?" - деген суроо салды окурман.

"Ушундай эстелик, айкелдерди кордогон жарандарды жазага тартып, айып пулга жыгууну суранат элем. Мен аны тааныбайм. Интернеттен көрдүм", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
edem98
2016-09-03 13:58:38
Ким деп кирет?
0
Abad
2016-09-03 14:11:56
аябай тарбиясы жакшы кыз экен атана рахмат сени тарбиялаган
-1
muke88
2016-09-03 14:21:02
Фамилия атын дагы инстаграмм адресин жазып койсонор бул жака. Билгендер бар болсо.
+3
bekhandar
2016-09-03 14:30:05
ушундай эле эстеликтин алдына олтургузу келип атса атайын эстелик койбойлубу бир парка алдына олтуруп калааганын кылып суротко тушконго
+4
Yamur
2016-09-03 14:36:32
Кыйратыптыр,озунун денгээлинде тушконда байкуш...
+3
lolo.1
2016-09-03 14:38:29
Кыргызстанда жашаган кандай сонун а )) эч зерикпейсин кундо ар турдуу жанылык. государства толоп берет деген кызга окшобосо болду
+2
zahira
2016-09-03 15:29:33
Тооба кылдым, нагыз кем акыл кыз экен. Озу адамдар барган сайын селфи мелфи деп эле улуу даарат ушаткан жерине деле суротко тушуп жуктоп коймой болушту. Улуу жазуучубузду сыйласа болмок. Ч.Айтматовду кыргыз эмес башка улуттар да ушунчалык сыйлап, козу откондо коздоруно жаш алгандарын коруп, залкарыбыздын урпагынан экениме сыймыктангам.
+2
Emirulan
2016-09-03 15:55:39
Андай адамга даба жок да. Бизге Сталиндей адам керек
+4
Artyr1994
2016-09-03 16:21:41
Укук коргоо органдары(МЕНТ) эмнени карап жатат . Коомдук жерде озун озу алып жургонуу, улуу инсанды шылдын кылганы деп хот я бы Административтик айып пул салыш керек
+4
Shat.88
2016-09-03 16:22:09
Менин раматылык 80ге чыккан тайнем бул эстеликке жалынып ,кыргызымдын чыгааны деп жанаша жанына отуруп тушту эле суротко, ыйманы бар да кары киши, муну коруп жиним келип чыкты адепсиз.
+11
mi2000
2016-09-03 17:06:39
Жакшы иш болбоптур((( уят.
+3
arzygulR
2016-09-04 14:32:54
Жанагы аттын устуно минип тушкон жигитке + болуптурго.Кыздын бетинен
тушкон фотосун да кошуп койбопсунар
тезиреек звезда болмок
0
arzygulR
2016-09-04 14:34:21
А то эми бул кыздан интервью алып бул кыз актангыча
кутуп калабызго
0
samidinova84
2016-09-04 16:09:09
Бул кыз,Ч.Айтматовдун Ким экенин билбейт чагым.
+3
lenovo820
2016-09-05 03:39:40
Maga kelse aldyma omur boiu oturguzmakmyn
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан