Екатеринбургдагы Кыргыз Республикасынын жарандары элчилик жардам бербей жатканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 3-сентябрда окурман кабарлады.
"Екатеринбургда 4 мекендешибиз жумушсуз калып, селсаяк болуп кетиптир. Бирөөсүн таап, кийим-кечек, мекенибизге кеткенге билетин алып берип, жолго кошумча акча берип жөнөттүк. Дагы бирөөсүн таптык, абалы начар, паспорту да жок. Жакшынакай кийинтип элчиликке алып бардык. Паспортун жоготуп алгандыгы тууралуу маалым катты элчилик берет экен. Маалым каттын баасы 2400 рубль экен. Мурда алып жүргөн тааныштарыбыз андан арзан экенин айтышты. 2400 рублга деле макул болуп, бүгүн алалы деп келсек, андай формадагы кагазы жок экенин билдиришти. Кантип ушу кагаз жок болсун?! Биз өзүбүз (демилгечилер) айдоочу болуп иштеп, өз ара сүйлөшүп акча чогултуп жардам берип жүрсөк, кайра бизден көбүрөөк акча алуу ниеттери бар. Негизи, алар бул адамдарга жардам бериши керек болчу. Акыры бизди консулдуктагы Нургүл деген эже урушуп, чыгарып койду", - деп нааразычылыгын айтты окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.