11-апрелде Талас шаарындагы А.Токтогулов атындагы китепканада журналист, публицист, акын Мүңүр Мамбеталиевдин поэзия кечеси болуп өттү. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдиргендей, кечеге облустагы акын-жазуучулар жана студенттер катышты. Анда акындын калемине таандык ырлар көркөм окулуп, китепкананын эмгек жамааты даярдаган чакан музыкалык программа тартууланды.