Сокулук районунда “кошунасын сабады” деген шек менен 62 жаштагы аял кармалды

Сокулук районунда “кошунасын сабады” деген шек менен 62 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-июль күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 58 жаштагы С.Ш. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, жанында жашаган кошунасы эч себепсиз сабаганын айткан. Бул боюнча “денеге атайылап жеңил жаракат келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 62 жаштагы Р.Н. аттуу аял кармалган. Учурда ал үй камагына алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
DNurgiza
2016-09-05 08:10:36
С.Ш. өзү Р.Н.нын жинине тийгендир да, себепсиз эле сабабайт эле.
+5
Donchik09
2016-09-05 08:28:27
Р.Н озу алтымыш экиде болсо катуу жаза берилиптир уй камагы. Андан коро олимпиадага даярдаш керек кайратту кемпир экен.
+3
Blackmoon
2016-09-05 09:50:25
карыганда калжындабай эле койбоптур да
0
aikokul14
2016-09-05 10:23:18
Кудай ай,ынсап бере кор,бизге улгу болчу апаларыбыз ушинтип мушташып журушсо,жон эле отурса келип сабап салбаса керек.
+2
janym_eka
2016-09-05 11:35:23
хи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан