Бишкектеги үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү саат 11:15 чамасында Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары 5-кичи райондогу батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Анда үйдүн ичинен аялдын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.