Алай районунда 2 тонна чөп жүктөп бараткан унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Будалык айыл аймагына караштуу Кум-Шоро айылынан жолдо бараткан Портер үлгүсүндөгү унаанын арткы эки дөңгөлөгү жарылып кеткен. Мындан улам дөңгөлөктөр жолго сүрүлүп учкун чыгып, үстүнө жүктөлгөн 2 тонна жыйылган чөп күйүп кеткен.