Бишкекте журналисттер менен бейөкмөт уюмдардын координациялык жолугушуусу болду

Бүгүн, 12-апрелде Бишкекте Кыргызстандагы медиа өкүлдөрү менен бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн координациялык жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу “International media support” аттуу даниялык бейөкмөт уюму жана Кыргызстандагы "Журналисттер" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду. Анда Кыргызстандагы ММКлардын абалын жакшыртуу боюнча сунуштар айтылып, катышуучулар тарабынан долбоорлор кабыл алынары айтылды. Иш-чарада "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев “ЖМК тармагындагы абал жана журналисттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы” деген темада баяндама жасады. Ошондой эле медиа-эксперт Александр Кулинский 2015-жылы Кыргызстандагы ТВ жана радио маалымат булактары санариптик берүүгө өтүү маселеси тууралуу кеңири маалымат берди. Анын айтымында, санариптик берүүгө өтүү үчүн өлкө азыр даяр эмес. “Мындай багытка өтүү үчүн көптөгөн маселелер менен катар санариптик берүү өз жыштыгына ээ болуусу зарыл, учурда бизде эч бир мекеме өз жыштыгын бербейт, бош жыштык жок”,- деди медиа-эксперт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан