Репродукция борборундагы эне жана баланын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Адамдын репродукциясы боюнча илимий борбордогу эненин жана ымыркайдын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 19-августтан 20-августка караган түнү аталган борбордо орун алган. Анда бешинчи баласын күтүп жаткан 40 жаштагы Айнура Адылованын ден соолугу кескин начарлап, натыйжада жүрөгү токтоп калган. Дарыгерлер аман алып калуу максатында кесарево жолу менен ымыркайды алып чыгышкан. 4 килограмм 700 грамм салмакта төрөлгөн эркек баланын абалы да оор болгон, себеби ал энесинин курсагынан алынгыча эле Адылованын жүрөгү 3 жолу токтогон. Ал эми ымыркай бир күндөн кийин төрөт үйүнөн чарчап калган.

Белгилүү болгондой, учурда каза болгон аялдын туугандары дарыгерлердин үстүнөн милицияга жана прокуратурага арыз менен кайрылышкан.

"Эненин жана баланын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тиешелүү экспертизалардын баары алынган, учурда анын жыйынтыгы чыга элек. Бардык документтер прокуратурага өткөрүлүп берилген. Учурда бул окуяны тиешелүү мекемелер иликтеп жатат", - дейт Асылбашева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Totyua.71.
2016-09-05 14:01:25
Жашы отуп торогон аялдарга догдурлардын мамилеси начар эмнеге тороп жатасын ?калган балдарын деле болот да деген суроолор орун алат.Бул эненин психологиясына созсуз таасир этет, догдурлар ушул суроолорду бербей эле, жакшы соз айтып кабыл алып коюшса...
+7
Sirduusezim
2016-09-05 16:10:24
Totyua.71., туппа туура а тугул биринчи торогонго деле аркандай жаман создорду айтат.
+3
Usow
2016-09-05 16:27:56
эн туура айтасынар мен башыман откон окуяны айтайын соз келип калганда менин аялымдын боюнда 5.5 айлык болгон учурда УЗИге тушкону барган элек узиде сенин баландын башында суусу бар экен деп гинекологияга жиберди барсак гинеколог аял вобще урушуп мында баланын торолгондон торобой койгон он бала тороймун деген эне биринчи озун даярдаш керек селер даярдыксыз эле эне боломун деп боюнарга бутуросунор деп оло акараттап урушту ушундай малга окшогон озунун акчасына ишенген медиктердин болгондон болбого
+2
aziziko
2016-09-05 17:18:08
Usow, Бир келин биринчи баласын кесерова менен тороптур врачтар айтыптыр 5 жыл сактанып жур сага азыр торогонго болбойт сен экинчи торотту азыр которо албайсын дешет эки айдан кийин боюнда болуп калып кайра келсе анысын да врачтар аран кесерова жолу менен торотуп аран алып калышыптыр . Анан врачтар урушат сага тияк керекпи же жан керекпи деп . Анан 5 айга жетпей кайра учунчу кызы боюнда болуп калып кесерова жолу менен торотушуп врачтар 8 саат алышып атып куткара албай калышты .
0
aziziko
2016-09-05 17:25:35
Биринчи аял киши ден- соолугун чындап анан уйдо проблема жокпу баланы бага аламбы деп торош керек . Аялдар ит эместа . Менин бир эжемдин боюнда бар кезде куйоосу сабачу экен . Кызы детский психикоз менен торолду . Эми кызынын келечеги эмне болот? Эгер олуп калсанар куйоонор артынардан кетпейт да наоборот тошок жаныртып жыргал болот да . Анан балдарынар эле кор болот . Атасыз жетим арсыз жетим энелуу жетим эрке жетим болуп
+2
Sirduusezim
2016-09-05 18:20:02
Менин мисалы боюмда барда баары жакшы деп айткан узи, ошентседа андан мурун эле орой мамиле жасайт болчуууу
0
tyhcaiym
2016-09-05 19:04:16
Эстесем кадимкидей титирейм врачтарды менда ушундай шалакылыка туш болуп Озумо келе Албай журом эки айдан бери 1чи роддомдун врачтарында текшериш керек акчан болсо кулунмун экен
+1
chyngyz15
2016-09-05 23:06:05
Туура айтасынар врачтардын жакшы кабыл албай койгону жанында кейитет менин биринчи баламды толготуп роддомго тундо барганымда врачтар уйкуну бузасынар да ушунтип деп урушуп уктаганга кетип калган танга маал беште келем деп анан да менден кийин тоготуп келгендер 200-500 сом кармата койсо аларды назик суйлоп карап мындай дем ал деп уйротуп жанынан чыкпай карап а мага келип жакшынакай дем албайсынбы тируу бала торогун келеби эмне баланын дем алышы начар аябай деп кетип калган ошол бойдон карабай э
0
Gulzat-88
2016-09-06 02:01:18
Ыйман,ынсап берсинда Кудайым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан