Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз мамлекетинин бир катар чакан шаарларын өнүктүрүү багытында 12,8 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү мыйзам долбоорунун концепциясы бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде жактырылды.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин берген маалыматына караганда, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларынын социалдык мекемелеринин абалын, электр энергиясы менен камсыз кылууну, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу багытында 12,8 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын ичинде 6,6 миллион доллар жеңилдетилген насыя, ал эми 5,4 миллион доллар гранттык каражат болуп саналат. Ага кошумча өкмөт да 2,4 миллион доллар каражат кароого тийиш.