Өкмөт “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети аталган долбоорду карап чыкты.
Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, 2017-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 126,7 миллиард сомго, чыгашасы 149,9 миллиард сомго жетет. Кирешенин көлөмү 2016-жылга караганда 2,3 миллиард сомго көп болсо, чыгашанын көлөмү 3 миллиард сомго көп. Дефициттин көлөмү 800 миллион сомго көбөйүп, 23,3 миллиард сомду түзмөкчү.
Ал эми 2017-2019-жылдар аралыгында салыктык эмес кирешелердин түшүүсү орточо 20,4 миллиард сомду түзөт. Орто мөөнөттүү келечекте расмий трансферттердин (ред. - акча которуулар) түшүүлөрү 2017-жылы 14 миллиард сом болсо, бул сумма 2019-жылы 5,3 миллиард сомго чейин азаят.