Жантөрө Сатыбалдиев Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ишин сынга алды

Кыргызстанда 2012-жылы айыл чарба өндүрүшүнөн түшкөн каражат 167 миллиард сомду түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелдеги өкмөт жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев билдирди. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев анын маалыматына сын айтты. “Кыргызстан айыл-чарба багытындагы өлкө, силер болсо 2 гана пайызга өсүш көрсөтүп жатасыңар. Айыл чарбасына чет элден түз инвестиция тартылганын менен көрө элекмин. Өткөн жылы айтылган "бул министрлик керекпи же керек эмеспи?" деген суроонун тууралыгы барбы деп ойлоп жатам. Райондордун акимдери менен тыгыз байланышта болбой жатасыңар”, - деди өкмөт башчы. Ал ошондой эле бул тармакта кирешенин өсүшүн жогорулатуу талабын койду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан