Түп районундагы Сары-Кыр жайлоосунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.
“Жол кырсыгы 4-сентябрь күнү Сары-Кыр жайлоосунда болгон. Анда чөп жүктөп келе жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен 4 адам каза болгон. Ал эми бир адам оор жаракат алган. Учурда ал ооруканада”, - деди жергиликтүү тургун.