Кытайлык Фу Суцин 120 жашында каза болду

Дүйнөдөгү эң кары адам деп эсептелген кытайлык Фу Суцин 120 жашында каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү "Синьхуа" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматтарда ал Кытайдын Чэнду шаарындагы өз үйүндө 3-сентябрь күнү каза болгону айтылат. Анын чөбөрөсүнүн айтымында, Фу Суциндин ден соолугу өткөн жылдан тарта начарлай баштаган. Буга чейин ал 21-августта 119-туулган күнүн белгилеген. Кемпирдин жалпы 70 небере, чөбөрө, кыбырасы бар.

2013-жылы түрдүү жетишкендиктерди каттап жүргөн "Carry the Flag World Records" уюму тарабынан ал "Жер жүзүндөгү эң кары аял" деп табылган. Бирок бул сыяктуу башка уюмдар каттаган эмес.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү эң кары адам катары расмий түрдө франциялык Жанна Кальман аталып келген. Ал 1997-жылы 122 жашында дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
new_hacker
2016-09-05 15:00:19
Бизге дагы жуксун
+7
nalukg
2016-09-05 15:18:38
Коп жашап эмес маныздуу жашап олгонду тандамакмын. Ыйман менен кетууну баарыбызга насип кылган болсун
+9
mambo-1984
2016-09-05 18:37:43
Колдо бир апа бар эмес беле 125 деп жатышты элего
+1
Gulzat-88
2016-09-06 01:57:30
Жашоону суйгон адам болгон экенда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан