Өкмөт жыйынында Камила Талиева министр Алиясбек Алымкуловго эскертүү берүүнү сунуштады

"Кыргызстанда 2012-жылы ишке орноштуруу 7 пайызга азайган. Кесиптик окутууга жиберилген адамдардын саны 2000 кишиге төмөндөдү". Мындай билдирүүнү бүгүн, 12-апрелде вице-премьер-министр Камила Талиева өкмөт жыйынында айтты. Анын айтымында, бул кемчиликтерге акчанын жоктугу эмес, жергиликтүү бийлик менен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги күнөөлүү. “Калкты жумуш менен камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору дагы деле Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин кароосунда турат. Бул министрликтин натыйжалуу иштебегенинен кабар берет. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловго эскертүү берүүнү сунуштайм”,- деди Талиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан