"Бажы тармагында белгиленген көрсөткүчтөр аткарылбаса отставкага кетем дегенсиз, даяр болсоңуз арыз жазыңыз”. Бул сөздү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн 12-апрелдеги жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Малабековго айтты. Өз кезегинде Малабеков арыз жазууга даяр экендигин билдирип, "мыйзам деген мыйзам, мен актанбайм”,- деди. Малабековдун айтымында, Бажы кызматы 2012-жылы 31,5 миллиард сом чогулткан. Башкача айтканда, пландын аткарылышына 1,3 миллиард сом жетпей калган.