Кабул шаарында эки жан кечти өзүн жардырып, 30га жакын адам каза болду

Ооганстандын Кабул шаарында эки жан кечти өзүн жардырып, 30га жакын адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 6-сентябрь күнү Коргоо министрлигинин имаратынын жанында болгон. Анда алгач бир жан кечти өзүн жардырып жиберген. Кийин ал жерге эл чогулган кезде экинчи жан кечти өзүн жардырган. Мунун кесепетинен 30га жакын адам каза болуп, 90дон ашык адам жабыркаган. Каза болгондордун арасында бир аскер генералы жана эки полиция офицери бар. Эки жардыруу боюнча жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өз мойнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zarlyk2211
2016-09-06 08:41:27
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Акыркы мезгилде жардыруулар көбөйүп баратат. Тынчылык болсун.
+3
salimbek87.kg
2016-09-06 08:42:39
Аллахым озун сакта кандай заман болду ,ошол Жан кечтилер олгусу келсе озун эле олтуруп койбойбу .канчалаган адамды озу менен бирге алып кетти канча балдар жетим калтырып .жан кечти жаны тозокто куйсун.
+2
keba300989
2016-09-06 08:49:53
Бомбаны билип туруп сатышат, бомба кайсылжерден сатылган кайсыл жерде сатылат кимдер сатат мына ошолорду аныктаса башкаларда кысат.
+1
djigit90
2016-09-06 09:13:59
keba300989, саткандарды тыйган менен, жасагандарды тыя алышпайтда.
+3
Sirduusezim
2016-09-06 08:54:37
Мына сага ценарий биринчиси эл чакырып 2си эл менен кошо.
+1
Sanzhyra
2016-09-06 09:04:02
ага удаа 3-4-су тургандыр,Аллахым сактасын!
+1
Alicia
2016-09-06 09:05:17
Bularda jardyruu bolso biroo moinuna alat eken kytai elchiligindegi jardyruunu emne ech Kim moinuna albait ?
+1
Patriot..kg
2016-09-06 14:08:48
Сирия Авганистанда конумуш болуп калды окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан