Министр Темир Сариев өзүнүн орун басарына сөгүш жарыялоо сунушуна каршы чыкты

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 12-апрелде өкмөттүн жыйынында Экономика министринин орун басары Санжар Мукамбетовго жана статс-катчысы Айдай Курмановага сөгүш жарыялоону сунуштады. Буга Экономика министри Темир Сариев каршы. Мындай чечим кабыл алуу туура эмес болорун айткан министр “экономика министрлиги сунушту аз берет деп айттыңыз. Биз канча токтомду демилгелегенибиз тууралуу маалыматыңыз барбы?”- деди Сариев. Анын айтымында, 2012-жылы аталган министрликтен 254 документ иштелип чыккан. Алардын 49у мыйзам долбоору, 151и токтом. “Министрликтер тарабынан иштелип чыккан документтердин 60 пайызы Экономика министрлиги тарабынан демилгеленген”,- деп кошумчалады Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан