Өзгөн районунун Кайрат айылында 8 гектар куураган чөп күйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат кечээ саат 14:30 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барышып, саат 17:20да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен адырда 8 гектар куураган чөп күйгөн. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Айта кетсек, кечээ окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кайрылып, Кайрат айылында токой өрттөнүп жатканын билдирген эле.