Токтогул районунда июль айынын ортосунда сууга агып кеткен жаранды издөө иштери улантылууда

Токтогул районунда июль айынын ортосунда сууга агып кеткен жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-июль күнү саат 06:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп, айдоочу агып кеткен.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 97-ӨКБнын куткаруучулары 2016-жылдын 5-сентябрь күнү да издөө иштерин жүргүзүштү. Издөө иштери натыйжалуу болгон жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Patirot
2016-09-06 12:14:26
Эми кайактан табат ошондо эле издешпейби
0
tatynam_88
2016-09-06 20:54:37
Саал эрте баштап коюшуптур да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан