Бишкек-Москва каттамы боюнча жолго чыккандар ортомчуларга нааразы болушууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
“1-сентябрь күнү Бишкек-Москва каттамы боюнча жолго чыкканбыз. Бишкектен Зайир, Ильяз, Үмүт деген балдар ар бирибизден 5,5 миң сомдон акча алып, Мерседес Спринтер унаасын убада кылышкан. Казакстанга келгенде чоң автобуска салып коюшту. Бүгүн жолдо жүргөнүбүзгө 6 күн болду, дале Москвага жете элекпиз. 2,5 суткада эле жетесиңер дешкен. Акчаларыбыз да түгөнүп, суу эле ичип жатабыз. Автобустагы 57 адамдын 12си жаш балдар. Көрсө, ортомчу балдар биздин үстүбүздөн акча алып, алдашыптыр”, - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.