Жети-Өгүз районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Жети-Өгүз районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-сентябрь күнү саат 23:20 чамасында Жети-Өгүз районунун аймагында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Анда Шор-Булак жайлоосуна баруучу жолдун 1 чакырым аралыгын сел суулары жеп, каттам убактылуу жабылган. Ошондой эле суу түтүктөрүн сел бузуп, Чоң-Кызыл-Суу айылында жашаган 130 кожолук таза суусуз калган. Ал эми Кызыл-Суу-Чоң-Кызыл-Суу унаа жолунун 11-12-чакырымында 1 көпүрө авариялык абалга келген. Учурда суу түтүктөрүн жана авариялык абалга келген көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан